Жаңылыктар
Жээнбеков Пакистандын премьер-министри Шариф менен жолукту
Саясат
Жээнбеков Пакистандын премьер-министри Шариф менен жолукту

Сооронбай Жээнбеков Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен Исламабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-саммитинин алкагында жолукту. 

Жолугушууда Сооронбай Жээнбеков Пакистанды уюмга төрагалык кылуу укугун өзүнө алышы менен куттуктап, саммит аянчасы пикир алмашууга эң сонун мүмкүнчүлүк бергенин айтты. 

Ошондой эле Жээнбеков Кыргызстан эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди жана ынак коңшулукту жогору баалап, ушул мамилелерди тереңдетүү багытында бардык күч аракетин жумшай турганын билдирди.