Жаңылыктар
Илим Карыпбеков донорлордун канына муктаж
Ден соолук
Илим Карыпбеков донорлордун канына муктаж

 КТРК директору үчүн кан берүүнү каалагандар 2-мартта эртең мененки саат 8:00-15:00гө чейин кан борборуна келип тапшырса болот.  Бардык топтогу кан жарайт. Азыркы тапта донорлор кан тапшырып жатышат.

Эске сала кетсек, 1-мартка караган түнү Илим Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу автоунаа айдап келе жатып, кырсыкка кабылган. Жыйынтыгында көп кан жоготуп, оор абалда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинген. Ага 2 операция ийгиликтүү жасалып, учурда өзүнө келип сүйлөп калды.