Жаңылыктар
Эльдияр Кененсаров КВН премьер лигасынын калыстар тобуна кирди
Маданият
Эльдияр Кененсаров КВН премьер лигасынын калыстар тобуна кирди

                 "Азия MIX" командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров КВН премьер лигасынын калыстар тобуна кирди.  Бул тууралуу маалымат  КВНдин расмий сайтына жарыяланды.

            Эскерте кетсек, премьер лиганын калыстар тобунун курамасына  ийгиликке жетишкен командалардын мүчөлөрү кирет.

            Ал эми жогорку лиганын калыстар тобуна шоу бизнестин өкүлдөрү, алып баруучулар, КВНдин ардагерлери, продюсерлер, артисттер жана бизнесмендер чакырылат.

            Калыстардын катарын Эльдияр Кененсаровдон сырткары  "Лунный свет" командасынан Филипп Воронин, "Сборная города Мурманска" — Герман Иванов жана "Плохая компания" командасынан Валерий Равдин чакырылган.

          Эльдияр Кененсаров "КВН для всех" сайты тарабынан жарыяланган сынакта,  жылдын мыкты оюнчусу аталган.