Жаңылыктар
"Калем жана ыйман" китеби жарык көрдү
Билим
"Калем жана ыйман" китеби жарык көрдү

Диний маданиятты өнүктүрүүчү “Ыйман” фонду тарабынан “Калем жана ыйман” аталышындагы жаңы китептин бет ачары болду. Тарых жана маданият жылына карата уюшулган кечеге жазуучулар бирлигинин, мамлекеттик тил комиссиясынын, Кыргызстан элдер ассамблеясынын өкүлдөрү, тарыхчылар жана жаш калемгерлер катышты. 

Китептин авторлорунун айтымында, жыйнакка адеп-ахлакка, адамгерчиликке, мекенди жана табиятты сүйүүгө болгон чакырыктар ошондой эле, жашоодон алынган салмактуу окуялар камтылды. Март айында чыгуучу жыйнакка таалим-тарбия жаатында проза жана поэма жазган калемгерлерге сынак жарыяланды. 

Катышууну каалагандардын жаш өзгөчөлүгүнө чек коюлбайт. Жаңы китептеги 16 чыгарманын автору Надырбек Алымбековдун пикиринде, чыгарма жазуу аң-сезимге кетүүчү чыйыр жол болгондуктан, жаш муундарды китеп окууга үндөө учурдун талабы.