Тоң районундагы Калкагар айылынын тургундарына карышкыр чоң зыян келтирип жатат. Айыл ичине чейин түшүп келген жырткыч жаныбар мал жандыкты кырып, айрым учурда адамга дагы кол салып жиберүүдө. Айрым үй-бүлөлөр колунда болгон мал жандыгынан таптакыр ажырап калышты. Себеби, карышкырда кутурма оорусу табылган. Учурда карышкыр тиштеген мал жандыктар союлуп, өрттөлүп терең казылган аңга көмүлүүдө.
Калкагар айылынын тургуну Жекшенбек Мамбеталиевдин азыр эмне кылаар айласын таппай турган учуру. Себеби, күн - түн дебей убара тартып баккан малынан толук ажырап отурат. Короосуна чейин кирип келген карышкыр жаңы төлдөп жаткан отуз беш коюн, эчкисин бир тайын тиштегилеп кеткен. Кийинчерээк карышкыр кутурма менен ооруганы билинип калган.
Чынында эле Жакшылык Мамбеталиев үй-бүлөсүн жалгыз ушул мал жандык менен бакчу. Эми баарынан бирдей ажырап отурат. Мындан бир адамга эле келтирилген чыгым эки жүз элүү миң сомдон ашып кетти.Ал эми короодон чыгып кеткен карышкыр айыл ичин аралап Шаршенбек Абакировдун баласына кол салган. Ал атасын кыйкырып чакырып, аягында каршкырды экөөлөп муунтуп, башына таш менен койгулап атып араң өлтүрүшкөн.
Азыр айыл эли толугу менен кеңешип чечип, карышкыр тийген малды жансыздандырып, өрттөп жок кылып жатышат. Себеби, башка элдин малына кутурма оорусу жукса абал кыйындап, өтүшүп кетиши мүмкүн.
Айыл элинин чечими менен бул күнү отуздан ашык кой жана сегиз жылкы жок кылынды. Мындан сырткары айыл ичиндеги жүз алтымыш бир ит, кырк беш мышык жок кылыныптыр. Айыл элинин пикиринде кутурган карышкыр эми тийбейт деген кепилдик жок болуп жатат. Анткени ээн жүргөн карышкыр эмне оору менен ооруп, кандай абалда жүргөнү бир кудайга гана белгилүү. Демек коркунуч сакталууда.
Азыркы тапта Тоң районунун Ала-Баш, Четинди жана Калкагар айылынын тоолорунда дагы эки карышкыр жүрөт деп айыл тургундары айтышууда. Аларды жок кылууга айыл элинин чамасы келбей жатат. Себеби мергенчилер жок. Ал эми мергенчилер табылса ок дары маселеси оор болуп турат. Ал эми жергиликтүү жетекчилер келип элдин ал акыбалын сурагандан башка пайдасы болбой жатат.