Жаңылыктар
Тубаса кемтик дарты менен күрөшүү
Ден соолук
Тубаса кемтик дарты менен күрөшүү

Кыргызстанда жыл сайын ара төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө. 3-март тубаса кемтик оорусу менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Ооруларынын алдын алуу максатында коомчулуктун, саясатчылардын, чечим кабыл алуучулардын көңүлүн ушул маселеге буруп, келечектеги ата-энелерге оорунун алдын алуу чаралары менен тааныштыруу керек болуп турат.

Бишкектеги энени жана баланы коргоонун Улуттук борбору. Патология бөлүмүндө ара төрөлгөн 30дай ымыркай жатат. Керектүү салмак топтой албай 500 граммдан 2500 граммга чейин ай-күнүнө жетпей төрөлүүнүн себеби эненин саламаттыгы начардыгынан болгон.
Кыргызстанда жыл сайын ара төрөлгөн балдардын саны өсүп жатканын дарыгерлер белгилешет. Статистикага таянсак, былтыр өлкөдө 158 миң бала төрөлсө анын 3 миңи тубаса кемтик менен жарык дүйнөгө келген. Бул көйгөйдүн себеби негизинен витаминдүү тамактарды жебегенден улам дешет адистер. Ушундан улам энелердин ден соолугуна керектүү витаминдер болушу үчүн байытылган унду колдонууну адистер сунушташат. Кыргызстан байытылган унга өтүү тууралуу мыйзамды кабыл алган. Бирок андагы шартты азыр ун чыгарган ишканалардын 12% гана аткарууда.

Туура тамактануу менен тубаса кемтик ооруларынын алдын алууга болоорун адистер белгилешет. Ал үчүн тиешелүү мыйзамдардын иштөөсүн мамлекет көзөмөлдөп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, оору менен күрөшө турган мекемелердин деңгээлин жакшыртуу керек.