Жаңылыктар
Экономикалык кызматташтык: Кыргызстан - Пакистан
Экономика
Экономикалык кызматташтык: Кыргызстан - Пакистан

Өкмөт башчы Исламабад шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун 13-саммитине катышты. Чогулгандар уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда, ич ара экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, долбоорлорду кандай жолдор менен иш жүзүнө ашыруу керектиги тууралуу сөз болду. Жыйынтыгында Исламабад декларациясы кабыл алынды. 

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар мамлекеттердин алакасын чыңдоого түркү берет. Мындай учурларда көбүнесе экономикага пайда алып келчү соода - сатык, унаа, энергетика, айыл чарба, туризм жана башка тармактарды камтыган суроолор көтөрүлөт. Саммитте Сооронбай Жээнбеков энергетикалык жана унаа-коммуникациялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу кызматташтыкта алдыңкы орунда турат деп билдирди. 

“Учурда Кыргызстан соода-экономикалык алаканы чыңдоого түркү берчү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатат. Аймактык кызматташуунун дагы бири жетишкендиги болуп энергетикалык «CASA-1000» долбоорунун ишке ашырылышы болуп эсептелет. Бул долбоорго уюмга мүчө көптөгөн өлкөлөр тартылган”,- деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бир нече өлкөнүн башын бириктирген уюм экономика жаатындагы кызматташуу менен чектелбейт. Саммитте бардык багыт боюнча илимий жетишкенди багындырган окумуштуулар сыйланды. Алардын катарында тарых илимдеринин доктору Анварбек Мокеев бар. Сыйлык илим жана технология тармагындагы илимий-изилдөө иштериндеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

Кыргыз өкмөт башчысы өзүнүн пакистандык кесиптеши Наваз Шариф менен дагы жолукту. Жээнбеков деңизге чыгууга жол жоктугуна байланыштуу, Кыргызстан үчүн транспорттук байланышты өнүктүрүү өтө актуалдуу деп белгиледи. Ошондуктан Кыргызстан Пакистандын Карачи жана Гвадар портторуна чыгууга кызыктар экенин айтты. Наваз Шариф болсо транспорттук инфраструктуралык долбоорлорду талкуулоого даяр экендигин билдирди.

Саммит учурунда премьер-министр кыргыз тарап көп тараптуу кызматташууну жана уюмдун ишмердүүлүгүн жогорулатуу демилгелерин ар дайым колдой тургандыгын билдирди. Экономикалык кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу Азербайжандан Пакистанга өттү.