Жаңылыктар
Тигүүчүлөр экспорттун эбин тапты
Экономика
Тигүүчүлөр экспорттун эбин тапты

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Эл аралык 11- “мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар -2017” көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Анда премьер - өкмөт тигүү тармагы үчүн бир топ өндүрүш аймагын ачууга аракет көрүүдө. Технополистер республиканын аймактарында да түзүлөт. Бул өкмөттүн жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча багыттарынын бири, -деди. Мына ошол жарманкеге продукциясынын арбын көлөмүн экспортко чыгарган 56 ишкана катышууда.

Бул ишкана айымдарга ылайыктуу тышкы кийимдерди көргөзмөгө алып чыкты. Модалуу саркеч пальтолордун ар кандай түрлөрүн, кемсел, көйнөктөрдү тиккен ишкана өндүргөн продукциясынын 90 пайызын Орусия менен Казакстанга экспорттойт. 100 кишидей иштеген чакан ишкана ички рыноктун суроо-талабын аткарууга да жетишет. Кездемелерди болсо сырттан буйрутма менен алышат.
Учурда тигүү тармагында 150 миңдей адам эмгектенет. Он беш жылдын ичинде өлкөнүн бул тармагы ЕАЭБ жана чет мамлекеттердин рыногун багындыра алды. Ошентсе да өкмөт жеңил өнөр жайын мындан да күчтөп продукциянын сапатын арттыруу аракеттерин көрүүгө бар аракетин жумшап жатат. Ишкердик демилгелерге насыялар бериле баштады. Ишканаларды ирилештерип технополистер түзүлөт.
“Келечекте жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында Өкмөт төмөндөгүдө багыттарда максаттуу иштерди алып барып жаткандыгын эске салды. республиканын региондорунда автономдук өндүрүштүк түзүмдөрдү түзүү - пахтаны кайра иштетүү жана жибек өндүрүшүн калыбына келтирүү;- инвесторлорду тартуу аркылуу Ош шаарында жана Ош областында индустриалдык парктарды уюштуруу;- Кыргызстандын өзүнүн жүн жана тери сырьёлук базасын түзүү үчүн мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн адистештирилген программасын кабыл алуу; текстиль өнөр жайын, ошондой эле республиканын лабораториялык сыноо базасын модернизациялоо жана өнүктүрүү”,- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Иштөөгө толук шарты бар өндүрүш аймактарын ачуу мезгил талабы-дейт тармак адистери. Анын үстүнө ЕАЭБ талаптарына ыңгайлашуу үчүн жеке эле сапатка эмес өндүрүш ишканасынын кандай шартта иш алып бараары да маанилүү. Технополистин аймагында иш алып барууга баардык шарт түзүлөт. Ошол эле учурда жеңил өнөр жайчылар биримдигине кирген 761 ишкананын кырк бешинин жетекчиси технополис түзүлсө деген өтүнүч менен кайрылыптыр. 

Учурда технополис же өндүрүш аймагын курууга эки жер тилкеси каралып жатат. Биринчи баскычта Бишкек шаарына курулат. Аймактын инфраструктара меселеси чечилип, калаадагы өндүрүш аймагына 8 ден 15 миңге чейин ишкерлерди топтоо жагы каралып жатат. Экинчи кезекте Чүй облусунун Сокулук районуна жана Токмок шаарына ачылат ал эми келечекте Ош менен Жалал-Абад облустарына да технолисттер ачылат.