Жаңылыктар
Ата кесибин уланткан мүнүшкөр айым
Кыргызстан жаңылыктары
Ата кесибин уланткан мүнүшкөр айым

Ата - бабадан бери уланып келген мүнүшкөрлүк кесипти кийинки муундарга кеңири жайылткысы келген кыргыздын чыгаан айымдары да жок эмес. Алардын бири Жалал-Абад облусунун тургуну Гүлайда Жоробекова, учурда бүркүт таптап, мүнүшкөрлүкө кызыккан жаштарды ата кесибине үйрөтүүдө. Колуна конудуруп алган бүркүтү жөнүндө кеп салып жаткан учур.

Гүлайда Жоробекова,ата кесибин улантып,мүнүшкөрлүктү аркалап бүркүт таптаганына 15 жылдан ашып калды.Айтымында бала кезинен эле бүркүт менен аралышып өскөн. Бирок мүнүшкөрлүкө болгон кызыгуусу атасы каза болгондон кийин катуу ойгонгонун айтат.Анткени Гүлайданын атасы мыкты мүнүшкөрлүктүн сырын өздөштүрүп,эл аралык мелдештерде чоң байгелердин ээси болгон. Көзү өткөнүнө 20 жыл болсо дагы ал арада атасынын дайнын алыстан угуп, жолугуш үчүн атайын издеп келгендер арбын болгон.

“Бүркүтү турат өзү жок. Атамдан калган мурас экенине маани бердим. Башында ыйлап да жүрдүм, анткени эр жигиттердин өнөрү эмесби. Анан Кыргыздын мыкты мүнүшкөрлөрүнөн бата алып, бул жолду жолдоп баштадым”,- дейт каарманыбыз мүнүшкөр Гүлайда Жоробекова.

Каракөз деп эркелеткен бүркүтүн мүнүшкөр айым мына минтип,кез кезде шаар четине алып чыгып, коён алдырып турат. Шадыбек Бекешов - Гүлайдага мүнүшкөрлүктүн сырын өздөштүрүүгө жардамын берип,билгендерин айтып келген. Ал дагы ата кесибин улантып, бүркүт таптагынан көп жыл болгон.
Гүлайда үй-бүлөдө 7 бир туугандын тагыраагы,5 кыздын ортончусу.Сузактын Көк-Арт өрөөнүнөн Жалал-Абад шаарына көчүп келгенине көп эле жыл болгон. Гүлайданын айтымында,мүнүшкөрлүкө кызыккан жаштардын саны көбөйүүдө.Алардын бири Нурсултан Орозбеков,9-каласста окуп жатканына карабастан азыркы тапта мүнүшкөрлүктү өздөштүрүүдө.Айтымында өлкөнүн атын дүйнөгө тааныткысы келет.
Бийиктикти,тазалыкты сүйгөн бүркүттү таптоонун да өзүнө жараша түйшүгү бар.Бүркүттүн тилин таап,аны таптоо ар биринин колунан келе бербейт.Бирок мындай түйшүктү көтөрө билип, муундан муунга мурас болуп келген бул кесипти,мүнүшкөр айым кийинки муундарга жакшынакай кылып калтыргысы келет.