Ал арада кыргыздарды корейге айланткан Бишкек шаардык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин райондук бөлүм башчыларына Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, алар Кылмыш кодексинин "304-315чи "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" , "Документ жасоо" беренелери боюнча айыпталууда. Буга чейин Түштүк Кореяга барып иштөө үчүн ондогон кыргыз жарандары жергиликтүү этникалык корейлер менен формалдуу никеге туруп жатканын, 3 миң доллардан 7 миң долларга чейин ортомчуларга акча берип, кийин алданып калганы айтылган. Жабырлануучулар кандайча алдамчылардын торуна түшүп калды? Мамлекеттик каттоо кызматы буга жол берген кызматкерлерине эмне чара көрдү?.
Туулганда коюлган аты Марат былтыр Кореяга кеткен таанышынан ал жакка баруунун жолдорун сураштырып, Bishkek Alliance LTD деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомуна кайрылган. Анда иштеген Рахат Сматова жана Карим аттуу адамдар Кореяга виза ачып берүүнү убада кылып, алты миң доллар сурашат. Акчаны насыяга алып, ишкананын кеңсесинде келишимге коюл коюшуп, эки аптада Түштүк Кореяда болуп калаарын убадалашат.
Бирок эки жумадан кийин телефон чалышып, аты-жөнүн өзгөртүүсү зарылдыгын, ал үчүн жергиликтүү корейлердин бирине формалдуу түрдө үйлөнүшү керектигин айтышат. Баш тартса, акчасынын жарымын кармап калабыз дешет.
Баары мыйзамдуу болот деп ишендирген ишкана өкүлдөрү Маратты же тагыраагы Анатолий Кимди Түштүк Корея элчилигине алып барышат. Ал жерде өзүбүздүн кишибизге жолугасын деп анын атын айтып, колуна көп кагаздарды беришет. Ага көз жүгүрткөн Марат сырткы чыгуучу паспорттон башкасынын баары жасалма экенин көрүп, кооптонгонун айтат. Анткени, фирма өкүлдөрү паспорт алуу үчүн Мараттын түпкү теги да корей деп өзгөртүп, Анатолий Антонович Ким деген адамдын, корей ата-энеден туулгандыгы, жада калса чоң энесинин өлгөндүгү жөнүндөгү күбөлүктөрдү беришкен. Анын “улуту корей” деп жазылган туулгандыгы тууралуу күбөлүгү кадимки документтен айырмаланбайт. Басылган мөөр советтер союзуна тиешелүү экени көрүнүп турат.
"Мен кирсем, сүрөтүңдү өзгөрт, көзүн жашыл болуп калыптыр, корейлердин көзү кара болот деп айтты, кагаздардын баарын толтурганга жардам беришти”,- дейт Марат Акылбеков.
Жыйынтыгында элчиликтен виза берүүдөн баш тарткан кабар келет. Акчасын кайтарып бергиле деп фирмага кайрылышат, бирок алар жооп бербей, фирма жоюлуп кеткени белгилүү болот. Эмне кылаар айласын таппай Маратка окшоп алданып калгандар чогулуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын райондук өкүлчүлүктөрүнө кайрылышат.
Дагы бир жабырлануучу Айжан Кореяга кетем деп эки ирет формалдуу күйөөгө тиет. Акысына 6500 доллар берет. Ал үчүнчү күйөөсүн көргөн да эмес, актай кагазга кол коюп берип, үйлөнүшөт. Буга да виза берилбей, фирма өкүлдөрү качып жүргөндүктөн үчүнчү күйөөсү менен ажырашуу үчүн аны издеп жакында эле тапканын айтат. Туугандары минтип жүргөнүн билбегендиктен жүзүн ачык көрсөтпөөнү өтүндү. Эки айдан бери кайрылган милициясы дагы ыкчам аракет көрбөй жатат деп нааразы.
Жабырлануучулардын айтымында, бул иште фирма менен ЗАГС, мамлекеттик каттоо кызматы, Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги чогуу иштешкен. Азыр эми формалдуу никеден ажырашалы деп кайрылышканда, ЗАГС кызматкерлери баарына өзүбүз күнөөлүүбүз деген түшүнүк кат талап кылып жатышканын айтышты.
Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектеги төрт районундагы ЗАГС бөлүмдөрү 56 кыргызстандыкты мыйзамсыз ажыраштырып, кайра үйлөндүргөнүн айтат. Бул ишке тиешеси бар болгон 13 кызматкерин ички териштирүүнүн натыйжасында жазалады.
Башкы прокуратура бул боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү бөлүм башчыларына кылмыш ишин козгоду. Ишти мындан ары иликтөөнү көзөмөл органы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүп берди. Расмий маалыматка таянсак, ушул тапта Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктардын саны 15 миңге жакын. Алардын канчасы маянасы майлуу жумушка илиниш үчүн аты-жөнүн өзгөртүүгө аргасыз болгону азырынча эч кимге белгисиз.