Жаңылыктар
Парктык-пляждык аймактарды тосууда ижара акысы көтөрүлөт
Экономика
Парктык-пляждык аймактарды тосууда ижара акысы көтөрүлөт

Көл жээгиндеги парктык-пляждык аймактарды тосууда ижара акысынын эки эсе төлөнүшү мыйзамдаштырылат. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланды. Мыйзам долбоор Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун жакшыртууга багытталган. 

Мыйзам долбоорун жыйырмадан ашуун депутат демилгелеген. Анын негизги максаты көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга багытталганын айтат эл өкүлү Таалайбек Масабиров.

Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүк болгон парктык-кум жээк зона-көл суусунан жүз метрге чейинки кууш жер тилкеси деп такталууда. Ар бир эс алуучу жайлардын кожоюндары туристтердин коопсуздугун, эс алуусунун ыңгайлуулугун каалайт. Мындан улам, жээкти тосууну көздөп жатышат. Бирок, ал жергиликтүү элдердин нааразычылыгын жараткан учурлар бар. Демилгечилердин дагы бири депутат Айтмамат Назаров кум жээкке кирип-чыгууга тоскоолдук жок экенин белгилейт.

Демилгечилер жаңы киргизилип жаткан эреже менен экологияны гана коргобостон, жергиликтүү бюджетке да кошумча пайда табылаарын белгилешет. Эки эсеге көтөрүлгөн ижара акысынан түшкөн каражат  коргоого алынган жээктин тазалыгын сактоодон артат.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"