Жаңылыктар
Ош шаарында жер тилке талашка түштү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында жер тилке талашка түштү

Ош шаарында пайдаланылбаган жер тилкеге көп кабаттуу үй салат деген кептен тургундар балдар аянтчасын шаардык мэрия тартып алганы жатат деп кабатырланып жатканын айтып чыгышты. Бирок жергиликтүү бийлик каралбай калган аймактарды жеке менчикке өткөрүп жиберүүнү алдын алуудабыз деген жүйөнү келтиришет. Ош шаардык мэриянын мындан  башка маалыматтарында акыркы 2 жыл аралыгында ушул сыяктуу 41 жер тилкеси  мэриянын менчигине өткөрүлгөн. 

Бош жаткан 2 миң чарчы метр аянт шаардын карамагына өткөндөн бери, эл ушинтип тынчсыздана баштаган. Жашоочулар жер тилкесин мэрия негизсиз өткөрүп алды дешет.

Сөз болуп жаткан 4 кабаттуу үйдө жалпы 55 батир бар. Ал эми талашка түшүп жаткан тилкенин жалпы аянты 33 сотыкты түзөт. Мэриянын азыркы токтомуна ылайык, ар бир батирге 45 чарчы метрден аянт бөлүнүп, архитектура аны тактап берген. Калган бөлүгү толугу менен муниципалдык менчикке өткөн. 

Ош мэриясы бул сыяктуу бош турган жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүүнү мындан ары да улантат. Антпесе каралбай калган аянттар жеке менчикке өтүп кеткен соң көйгөй дагы ырбашы мүмкүн. Эске салсак, 2 жыл аралыгында ушул сыяктуу 41 жер тилкеси мэриянын менчигине өткөрүлгөн эле.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары