Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан тажик жараны каза болду
Кырсык
Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан тажик жараны каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаанын прицеби басып калып, Тажикстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Чүй облусунун Бишкек-Ош унаа жолунун 137-чакырымында “МАЗ” үлгүсүндөгү россиялык оор жүк ташуучу унаа Таджикстанды көздөй бараткан. Айдоочу унааны токтотуп текшерип жаткан учурда, айдоочу менен бирге болгон жардамчысын унаанын прицеби басып калган. Кырсыктан жардамчы тажик жараны каза болуп, айдоочу жабыркаган эмес. 

ӨКМнын куткаруучулары каза болгон адамдын денесин прицеб алдынан чыгарып, милиция кызматкерлерине тапшырып беришти.