Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында окуучулар арасында жаңжал чыкты
Кырсык
Жалал-Абад шаарында окуучулар арасында жаңжал чыкты

Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи районундагы №9 Раатбек Санатбаев атындагы мектептин 9-классынын эки окуучусу бычактан жаракат алып, ооруканага түштү. 

Шаардык милициядан билдиришкендей, окуя 2-март күнү болгон. Жарат алган окуучулар башка мектептин окуучусу менен пикир келишпей, ортодо уруш чыккан. Натыйжада 19-мектептин 9-классынын окуучусу экөөнү бычактап салган. Бычак жеген балдардын биринин абалы оор экендиги кабарланууда. Анткени, бычактын мизи кабыргасынан өтүп, өпкөсүнө чейин жеткен. 

Кылмышка шектүү окуучу кармалды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.