Жаңылыктар
Президент кыргызстандыктарды Туу күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент кыргызстандыктарды Туу күнү менен куттуктады

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 3-март мамлекеттик туу күнүнө карата кайрылуу жасады. Кайрылуу, туура 25 жыл мурда Кыргызстандын мамлекеттик желеги кабыл алынып, эгемендигибиздин пайдубалы дагы бекемделген,- деп башталат.
Айтылуу “Манастагы”:
“Кулаалы таптап куш кылдым
Курама жыйып журт кылдым” деген тарыхый саптардын маани-маңызы желегибизде таасын камтылганын белгилеген президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу:

Биз, Кыргызстандын азыркы мууну, желегибиздин алдында көп кылымдардан кийин жаңы мамлекетибиздин имаратын кайрадан тургуздук. Бир кезде ата-бабаларыбыз Улуу Кыргыз каганатын – Азиядагы эң кубаттуу мамлекетти курганы жөнүндө тарыхый эстутум элибиздин жүрөгүн ойготуп, аң-сезимин өзгөрттү.

Мамлекеттик желегибиз азыр дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун, эл аралык, саясий, экономикалык, маданий, спорттук жана башка ири иш-чараларда көккө көтөрүлүп, кыргыз жараны экенибизге сыймыктанган сезимди жаратууда.

Саналуу эле жылдар мурдараак айрымдар Кыргызстанды теңсинбей, мамлекет боло албайт деп өйдөдөн карашчу. Биз рухубуздун тереңдигин, намысыбыздын бекемдигин көрсөттүк. Эркин, келечеги кең өлкө кура аларыбызды далилдедик. Эл аралык уюмдардын соңку баасы боюнча, Кыргызстан - КМШ мейкиндигинде эркиндик деңгээли жогору турган сейрек өлкөлөрдүн катарында турат. Азыр тетирисинче көп мамлекеттер демократия куруунун уникалдуу тажрыйбасын бизден үйрөнүп жатышат.

Кыргыз көчү түзөлдү. Биз тагдырлаш, максатташ, тилектеш экенибизди, баарыбыздын бир гана Кыргызстан деген мекенибиз бар экенин аңдап түшүндүк. Максатташ коом гана дайрадай зор күч болот, өркүндөп өсөт.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакубаттык каалайм! Жергебиз ырыскыга бөлөнсүн, элибизде тынчтык, токчулук болсун! Өлкөбүз менен кошо өркүндөйлү!