Жаңылыктар
Мыйзамсыз ташылган ун колго түштү
Чек ара
Мыйзамсыз ташылган ун колго түштү

Казакстандан 204 тонна унду Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, кыргызстандык жарандар ун салынган вагондон, "Маймак" темир жол станциясында унду түшүрүп жаткан.

 Бул станцияда жүк түшүрүүгө болбойт жана ал жер өткөрүү бекети болбогондуктан, Таластагы чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш аткарып жаткандар кармалды. Ташылып келинген ундун баасы 5 миллион сомго жакын каражатты түзөт.