Жаңылыктар
Донорлор көптөгөн бейтаптардын өмүрүн узартат
Ден соолук
Донорлор көптөгөн бейтаптардын өмүрүн узартат

Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев, жол кырсыгына кабылган Илим Карыпбековго жардам ирээтиндеги кан тапшыруу акциясына келип катышкан бардык жарандарыбызга ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова фейсбуктагы өз баракчасы аркылуу билдирди. 

"Өткөн эки күн ичинде, 2-3-мартта кан борборуна 150 жакын кан тапшырууну каалаган жарандар кайрылган. Жыйынтыгында 28 адамдан кан алуу зарыл болгону менен ден соолук шартарына жараша 97 адам кан беришти. Кайтарымсыз донорлук боюнча бардык маалыматтар Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жөнөтүлдү, мындан Илим Карыпбеков жана башка бейтаптар кан менен толук кандуу камсыз боло алат. Сиздин каныңыз сөзсүз түрдө муктаж болгон адамдардын өмүрүн сактап калат", - деп билдирди директор Карабаев.