Жаңылыктар
Баткенде төрөттөн көз жумган энелердин саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде төрөттөн көз жумган энелердин саны өсүүдө

Баткенде төрөттөн көз жумган энелердин саны өсүүдө. Каза болгондордун көпчүлүгү алыскы айылдарда жашагандар же чет өлкөдө иштеп келгендер. Айыл жеринде төрөт бөлүмдөрү иштебей калгандан улам район борборуна жетүү кыш айларында кыйынчылык жаратат. Ошондой эле адискөй дарыгердердин жетишсиздигинен да энелердин төрөтү өлүм менен аяктайт.

Баткенде төрөттөн көз жумган энелердин саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 6 пайызга өстү.Тактап айтканда, энелердин 39%нын төрөтү өлүм менен аяктаган. Дарыгерлердин айтымында алар ооруканадан алыс аймакта жашагандар же чет өлкөдө иштеп жүрүп ден-соолугуна кам көрбөгөн жаш энелер.

Көп учурда алыскы айылдан келген энелер төрөт үйүнө жеткенче эле жолдон көз жарып, кан көп кетип калган учурлар арбын кездешет. Кыйчалыштан улам ал учурда дарыгерлер энеге да балага да жардам бере албай калышы мүмкүн. Мындан улам алыскы аймактардагы ай-күнү жетип калган аял менен жаңыдан жарык дүйнөгө келген ымыркайга тез жардам көрсөтүү үчүн реомобиль уюштурулган.

Көз жарган энелердин өлүмүнө адистердин жетишсиздиги да таасирин тийгизүүдө. Облус боюнча болгону 34 гана акушер иштейт. 450 миңден ашуун калкы бар облуска бул албетте аздык кылат. Мындай көйгөйлөрдүн алдын алып, мындан аркы ишти жакшыртуу үчүн саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Баткен облусунда мониторинг жүргүзүшүүдө.