Жаңылыктар
КМШ саммити Бишкекте өтөт
Саясат
КМШ саммити Бишкекте өтөт

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин саммити быйыл Бишкекте 16-сентябрда өтөт. Бул туурасында КМШ уюмундагы Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн саммитке чейин тышкы иштер министрлеринин, андан соң өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. 

Анда саммиттин күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланат. Кубанычбек Өмүралиев билдиргендей, бул жылы мурдагыдай 20дай маселе каралбастан, негизги делген 3-4 көйгөйгө токтолуу пландалууда. 

Алар коопсуздук, экономика жана президенттердин саясий билдирүүлөрү. Белгилей кетсек, быйыл КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылууда.