Жаңылыктар
Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштады
Экономика
Дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштады

Мамлекет тарабынан айыл чарба тармагына берилүүчү жеңилдетилген насыялар быйыл мөөнөтүнөн бир ай мурда бериле баштады. Алгачкыларда болуп аны Араван районунун дыйкандары алды. Анткени, аталган райондо учурда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп жаткан кез. 

Араванда картошка эгүү өнөктүгү массалык түрдө жүрүп жатса, айрым фермерлер, айдоо аянттарына капуста тиге баштады. Ал эми, күнөсканаларда помидор, капуста, калемпирдин көчөттөрү өстүрүлүүдө.