Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондору жана Каракол шаарындагы чакан балдар үйүндөгү тарбиялануучуларга бир күндүк ысык тамак уюштурулду. Саамалыкты Каракол шаарындагы жаш ишкерлер колго алышкан. Иш-чарага жүздөн ашык бала чакырылды.
Анын алкагында балдарга ыймандуулук менен адепке жана жакшы иштерге үндөгөн чакан социалдык видео тасмалар көрсөтүлдү. Мындан сырткары чакан концерттик программалар да көрсөтүлдү. Ал эми келген балдар да четте калбай, уюштуруучуларга өз өнөрлөрүн көрсөтүп беришти.
Белгилей кетсек бул иш-чара үчүнчү жолкусу. Уюштуруучулардын планында райондордогу жана шаарлардагы майып балдарга да ысык тамак уюштуруу пландары бар.