Жаңылыктар
КТРК БК: "Өмүр менен күрөшүп жаткан адамды табалаган туура эмес"
УТРК жаңылыктары
КТРК БК: "Өмүр менен күрөшүп жаткан адамды табалаган туура эмес"

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков оор абалда ооруканада жатканына карабай,  "Ата Мекен" партиясынын тарапташтары 2017-жылдын 1 мартында телеканалдын алдына нааразычылык митингинин учурунда өлүм алдында жаткан адамды табалаганын  КТРКнын Байкоочу кеңеши туура эмес деп эсептейт. Ар бир адамдын тагдыры Кудайдын колунда, эртең эмне болорун эчким билбейт. Мамлекеттин бүтүндүгү ар бирибиздин колубузда. Бардык иш мыйзам ченеминде жүргүзүлүшү маанилүү.

КТРКнын Байкоочу кеңеши Илим Карыпбековго тез сакайып кетишин каалап, кээ бир массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тактап сурап жаткан анын ордуна башка адамды убактылуу дайындоо жөнүндө күн тартибинде эч кандай маселе коюлбагандыгын билдирет.