Жаңылыктар
Бишкектин айрым көчөлөрү 6-7-мартта жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым көчөлөрү 6-7-мартта жабылат

Бишкек шаардык кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы билдиргендей, 6-7-мартта Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Бул күндөрү Бишкекте ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин премьер-министрлеринин жыйыны өтөт. 

Убактылуу чектөө Фучик, Абдрахманов, Фрунзе көчөлөрүнө жана Жибек Жолу, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов проспектилерине киргизилет.