Жаңылыктар
Жер көчкү, сел жана суу ташкындоосу процесстеринин активдүүлүгү күтүлүүдө
Кырсык
Жер көчкү, сел жана суу ташкындоосу процесстеринин активдүүлүгү күтүлүүдө

Алдын ала маалыматтарга караганда, 2017-жылы жер көчкү, сел жана суу ташкындоосу процесстеринин активдүүлүгү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жарандык коргонуу кызматынын ишинин жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде белгилүү болду. Маалыматка ылайык, былтыр өзгөчө кырдаалдарга 1 млрд сомдон ашуун каражат сарпталган. Өз кезегинде жыйынга төрагалык кылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, кайсы аймакта өзгөчө кырдаалдар көп катталып жатканын аныктап, бул багытта өкмөткө сунуш киргизүүнү тапшырды. 

Куткаруучулардын ишинин жыйынтыгын чыгарган кеңешме өтүп, аткарылган иштерге баа берилип, алдыдагы пландар талкууланды. Жыйындын соңунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков министрликтердин жетекчилигине, ведомстволордун жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактарда 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргоого даярдыктар планын ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алууну тапшырды.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"