Жаңылыктар
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атылып түшүрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөр атылып түшүрүлүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайылап атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. 5-март күнү ӨКМнын ыкчам тобу жетектеген артиллериялык топ, кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзгөн. 

Анын негизинде Бишкек-Ош унаа жолунда жалпы 36 даана снаряд атылып, 59 миң метр куб кар көчкүсү түшүрүлгөн. Кар көчкүсүн түшүрүү иш-чаралары эми Чүй облусунун аймагында улантылат.