21-мартта Новосибирсктеги “Нордмолл Азия” базарында Кыргызстандын жеңил өнөр жай көргөзмөсү ачылат.
Ишкер Мелис Шаршенов бизнесмендер менен жолугушканда, ата мекендик кийим-кече өндүрүүчүлөргө акысыз сатуу аянтчалары берилерин билдирди.
Анын айтымында кыргызстандык жеке соодагерлерге сатуу аянтчаларын, турак жайды ижарага алуу, жарнама берүүгө ийкемдүү жеңилдетүүлөр саясаты иштелген.