Жаңылыктар
Мырсаканов НТВ телеканалындагы "Ты супер" сынагынын кийинки этабына өттү
Маданият
Мырсаканов НТВ телеканалындагы "Ты супер" сынагынын кийинки этабына өттү

Кыргызстандык Урмат Мырсаканов НТВ телеканалындагы "Ты супер" сынагынын кийинки этабына өттү. 12 жаштагы Урмат эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан чыгып жаткан жалгыз катышуучу. 

Сынактын экинчи этабында катышуучулар онлайн добуш берүүдө күч сынашат. "Ты супер!" конкурсу НТВ жана Sputnik эл аралык маалымат агенттиги тарабынан демилгеленип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулган. 

Музыка жаатында таланттуу балдар КМШ жана Балтика боюндагы мамлекеттеринен келишет. Алардын катарында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Грузия, Молдова, Казакстан жана Эстония бар.