Жаңылыктар
Кувейттеги Кыргызстандын маданият күндөрү башталды
Маданият
Кувейттеги Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

Кыргызстандын Кувейттеги  “Маданият күндөрүнүн” алкагында бүгүн, Маданият, маалымат жана турзим министри Алтынбек Максүтов Кувейт Мамлекетинин Эмиринин администрация башчысы   шейх  Насер  Сабаха аль-Ахмеда аль-Джабера аль-Сабаха менен жолугушту.

Шейх  Насер  Сабаха аль-Ахмеданын   резиденциясында  өткөн жолугушууда маданият  жана маданий алака тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу, аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.



Ошондой эле ушул жылдын күз айларында өтүүчү Кыргызстандагы Кувейттин “Маданият күндөрү” пландалды. Кыргыздын кылым карыткан маданияты жөнүндө кеп болгондо шейха Насер  Сабаха аль-Ахмед   боз үйдө жашоону кыялданаарын билдирди. 


Маданият маалымат жана туризм министри А.Максүтов Кувейт Мамлекетинин Эмиринин администрация башчысын  2016-жылдын сентябрь айында боло турган Дүйнөлүк II Көчмөндөр оюнуна катышууга чакырды. Шейха Насера Сабаха аль-Ахмед Көчмөндөр оюнуна маданий өкүлдөр менен келээрин билдирди.