Жаңылыктар
Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт
Экономика
Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

7-мартта Бишкекте Кыргызстан төрагалык кылган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. 

Иш чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын премьери Андрей Кобяков жана Армениянын премьер-министри Карен Карапетян, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдө жана кеңири курамда өтөт. Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагындагы маанилүү маселелер талкууланат. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.