Жаңылыктар
Кыргызстанда экспорттун көлөмү өстү
Экономика
Кыргызстанда экспорттун көлөмү өстү

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигике мүчө болушу менен экспорттун көлөмү 5,3%га өстү. Экономика министри Арзыбек Кожошев маалымат жыйынында билдиргендей, уюмга мүчө болгондон кийин Орусия Кыргызстандын 300 миллион доллар карызын 10 жылда кече турган болду.

Бажы инфраструктураларын модернизациялоого 200 миллион доллар берип, өткөрүү пункттары заман талабына ылайык келтирилүүдө. Мындан сырткары, экономиканы колдоо үчүн түзүлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун 1 миллиард долларынын 202 миллион долларына 670 долбоор иштеп жатат.