Жаңылыктар
Ак эмгектин үзүрү акталып, бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктарга татыды
Кыргызстан жаңылыктары
Ак эмгектин үзүрү акталып, бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктарга татыды

Бүгүн, 2016-жылдагы Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары ишиндеги ийгиликтери үчүн бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. 

Сыйлоо аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага президент Алмазбек Атамбаев катышты. Куттуктоо сөзүндө өлкө башчы сыйлыкка ээ болгон ар бир жаран өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң салым кошконун, айрыкча алардын зор эмгегинин арты менен өткөн жылы Үркүндүн 100 жылдыгын жана экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгонун белгиледи. 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө президенттин жарлыгы былтыр 31-декабрда чыккан. Анын негизинде биринчи жана экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган иш чараларды уюштурууга жана өткөн жылы Кыргызстандын атын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга кошкон салымы үчүн 100дөн ашык инсандар, 2-3-даражадагы Манас ордени, Данакер, Даңк, «Кыргыз Республикасынын эл акыны», эл сүрөтчүсү, эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген куруучу наамдары боюнча ыйгарылып, дагы бир катар инсандар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына ээ болушту.

Мындай сыйлыктарга КТРКнын дагы бир нече кызматкерлери татыктуу болушту. Белгилеп кетсек, Телеберүүлөрдү программалаштыруу борборунун эфирге чыгаруу боюнча координатору Гулийпа Камчыбекова "КР эмгек сиңирген ишмери", Маданият Тарых Тил каналынын режиссеру Сагын Ниязалиева жана Кыргыз радиосунун баяндамачысы Гүлжамила Шакирова "КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамдарына, Каржы-экономикалык башкармалыгынын башчысынын орун басары Асыл Джекшенова менен Ала-Тоо 24 каналынын алып баруучусу Светлана Акматалиева Президенттин  "Ардак грамотасына" татыктуу болушту.