Жаңылыктар
Улуттук банкка 25 жыл толду
Экономика
Улуттук банкка 25 жыл толду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толду. 25 жыл аралыгында банк улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгарып, сомдун кадыр-баркын туруктуу сактап келет.  Банк- бул өлкөнүн акча-кредиттик саясаттын кан тамыры. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишинин башкы максаты улуттук акча биримдигинин туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоп туруу. 1992-жылдын 6- мартында Кыргызстан Жогорку Советинин токтомунун негизинде Улуттук банк негизделген. Мындан улам өлкө Советтик каржы системасынан чыккан. 

Ошол мезгилден баштап улуттук валютага, тагыраагы сомго өтүү аракети башталган. Ошондой эле алгачкы коммерциялык банктарды ачуу иштери жанданган. Ошондой эле кыргыз акчасынын эскиздери иштеле баштаган. Биз учурда пайдаланып жүргөн акча номиналдарын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн бир жылдай убакыт керектелген.

1993-жылдын 3-майында Жогорку Совет «Улуттук валютаны жугуртууго чыгаруу» жонундо токтом кабыл алган. Ал эми 10-майда орус рублине сомду алмаштыруу башталган. Ошол учурда 1 сом 200 рублге барабар болгон. 14 майдан тарта сом Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жугуртууго чыккан. Учурда Улуттук банк Кыргыз Республикасында акча-кредиттик саясатты иштеп чыгат, аныктайт жана жүргүзөт. Улуттук банктан лицензия алган банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. Бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана төлөө системаларынын натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшөт. Учурда Улуттук банктын ийгиликтүү иштеп жаткан “алтын долбоорун” айтууга болот. Улуттук банк 1, 2, 5, 10, жана 100 граммдык алтын куймаларын сатат. Бул келечек үчүн мыкты инвестиция болот.