Жаңылыктар
Бишкек: мектептер Билим берүү министрлигине баш ийбей калды
Билим
Бишкек: мектептер Билим берүү министрлигине баш ийбей калды

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарындагы мектептерди республикалык бюджеттен каржылоо зарыл экенин айтышууда. Эл өкүлдөрү баш калаадагы орто билим берүү жайлары мэриянын эсебинен каржыланып жаткандыктан, Билим берүү, илим министрлигине баш ийбей калганын белгилешти. Парламенттин тармактык комитетинде Бишкектеги билим берүү жаатындагы көйгөйлөр талкууланып, тиешелүү мекемеге сындар айтылды. Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө мектеп директору бир кызмат ордунда 6 жылдан ашуун иштей албайт деген эреже киргизилип жатат. 

Билим берүү тармагына, айрыкча борбор калаадагы абалга токтолгон депутаттар эми окуучунун жылына төлөөчү төгүмдөрүн жөнгө салууну максат кылууда. Маселен, Бишкек шаары үчүн 1200 сом деп белгиленип жатат. Баш калаада жалпысынан 135 миңден ашуун окуучу бар. Эл өкүлдөрү бул мектептердин санына шайкеш келбей жатканын айтып, жаңы билим берүү жайларын куруу учурдун талабы экенин белгилешти.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"