Жаңылыктар
Мирзиёевдин иш-сапарынын максаты эмнеде?
Саясат
Мирзиёевдин иш-сапарынын максаты эмнеде?

6-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстанга расмий иш-сапары менен барды. Аны Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов чакырган. Бул Шавкат Мирзиёевдин президент болуп шайлангандан берки чет өлкөгө биринчи расмий иш-сапары.  

Мирзиёев Аркадагты президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Түркмөнабад калаасында Ислам Каримовдун эстелигин ачылышына да катышты. Ошол эле убакта Өзбекстандын борборунда Тараккиёт көчөсүнө түркмөн акыны Махтимкулинин аты берилди. Эске сала кетсек, Түркмөнабад стратегиялык жактан абдан маанилүү шаар, анткени Өзбекстан менен Түркмөнстанды Иран  жана Оман мамлекеттери менен  байланыштырат. Аму дарыянын жанында жайгашкан Түркмөнабад аркылуу өтчү жолдо  авто жана темир жол өтчү көпүрө жаңы эле пайдаланууга берилди.

Эксперттердин көз карашында Шавкат Мирзиёев менен Гурбангулы Бердымухамедов эки өлкөнүн ортосундагы мамиле менен эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулайт.   Бул жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин лидерлери эки тараптуу кызматтыштык жана стратегиялык өнөктүштүк жөнүндө келишимге кол койот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Сүймөнкул Идирисов болду.