Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды. Кеңештин отурумунун соңунда онго чукул документке кол коюлду. Алардын негизгилери ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүнүн абалы жана анын көлөмүн көбөйтүүнүн аракеттерин көрүү.
Интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыктын негизги делген маселелерин талкуулоо, соңунда жыйынтыктоочу документтерге кол коюу вазыйпасы турат. Күн тартибине болсо он бешке чукул олуттуу маселелер камтылды. Арасында көптөн бери талкууланып келе жаткандары бар. ЕАЭБдин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына келген уюмга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлери адегенде маселелерди тар чөйрөдө талкуулашты.
Бул жолку Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин күн тартиби маселеге жыш. Анын үстүнө талкуулай турган жагдайлар да арбын топтолду. Бишкекте өтүп жаткан кезектеги жыйын 2017-жылга белгиленген биринчи отурум. Анда биримдикке кирген мамлекеттер ортосунда биргелешкен соода-сатыктын абалы жана ЕАЭБ ичинде ишкердикке мыкты шарт түзүүгө өзгөчө маани берилди.
Негизги көңүл дал ушул ийкемдүү инвестициялык саясат, өз ара соода-сатыктын абалын жакшыртуу, үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо маселесине бурулганын Сооронбай Жээнбеков кеңейтилген жыйында билдирди. Өкмөт башчысы Кыргызстан да үчүнчү өлкөлөр менен соода кызматташтыкты бекемдеп, продукцияны экспорттоого кызыкдар экенин белгиледи. Ошол эле учурда Жээнбеков президент Алмазбек Атамбаев Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы катарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларына 2017-жылы Евразия мейкиндигинде ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүү жана биримдиктин ишмердүүлүгүнүн башкы аспектиси экендигине басым жасоо сунушу менен кайрылганын белгиледи.
Олуттуу делген маселелердин катырында ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерге пенсиялык камсыздоо макулдашуусу, санариптик аймакты түзүү боюнча стратегияны кабыл алуу бар. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан 2025-жылга чейин санариптик күн тартибин түзүүнү колдой турганын белгиледи.
“Санариптик технологиялар жеке эле Биримдикке кирген мамлекеттердин интеграциясына пайдалуу эмес, кеңири алкактагы ааламдашкан санариптик технологияларга бөлөк өлкөлөрдү да камтууга мүмкүн. Санариптик күн тартиби бул жөн гана тренд эмес - башкарууну жана өндүрүш процесстерин кыскарта алган жана зарыл болгон нерсе. Убакыт да үнөмдөлөт. Маалыматтык технологиялар экономиканын тармактарын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү”,- деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Белгилүү бир ийгиликке жетүү үчүн ЕАЭБ өлкөсүнүн ар бири өнүгүшү маанилүү деген Казакстандын премьер-министри Евразиялык экономикалык биримдиктин шарттарына ыңгайлашууга Казакстан Кыргызстанга көмөк көрсөтөөрүн ырастады. Бакытжан Сагинтаевдин айтуусунда бул мурда макулдашылган каражаттар.
Орусиянын өкмөт башчысы биримдик үч жылдан бери иш алып барып жатат, ошентсе да алдыда көп нерселерди жасалышы керек,-деди. 2023-жылга чейин Биримдикти өнүктүрүүнүн жолдору жана келечекте ишке ашырууга белгиленген аракеттер боюнча документ кабыл алынганын белгилеген Дмитрий Медведев ар бир өлкө интеграциянын экономикага кошкон салымынын натыйжасын көрүп жыйынтык чыгараарын кошумчалады.
“ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Россиянын рыногуна экспорттун көлөмүн көбөйттү. Бул уюмдун түз жыйынтыгы. Баардык мамлекеттер энергетикалык кызматташтыкка жеңилдик алды. Биз өнө жай кооперациясын өнүктүрүп жатабыз”,- деди Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстан ички дүң өндүрүмдүн өсүшү боюнча алдыңкы сапта экенин Евразия экономикалык комиссиянын министри Татьяна Валовая билдирди. Айтымында, былтыр Кыргызстанда айыл чарбасы менен өндүрүштүн көлөмү арбыган.
ЕАЭБдин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун соңунда он документке кол коюлду. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйыны май айында Казанда өтмөй болду.