Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде башка мүчөлөрү сыяктуу эле бирликтин келечегин түзүүдө негизги ролдордун бирин ойнойт. Бул тууралуу Евразия экономкалык комиссиясынын кеңешинин мурдагы мүчөсү Данил Ибраев билдирди. Анын айтымында, биздин өлкө көптөгөн маселелерди демилгелеп жана өз кызыкчылыгын коргоого мүмкүнчүлүктөрү бар. Ар бир маселени чечүүдө конкреттүү негиздемелер жана так сандар талап кылынарын адистер белгилешет.
Адистердин айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграция процесси ар бир мамлекеттин кызыкчылыгына жараша жүрүп жатат. Акыркы экономикалык көрсөткүчтөр буга далил болууда. Учурда төрт эркиндик принцибин ишке ашыруу иштери активдүү жүрүп жатат: алар эркин товар жүгүртүү, капитал, кызмат көрсөтүү жана эмгек мигранттарына жеңилдик. Кыргыз-казак чек арасында фитосантардык көзөмөл алынып, 320 миңден ашык дыйкан чарба жана фермердик субьектилер аз сандагы документтерди толтуруу менен өсүмдүк продукцияларын экспорттой алышат. Мындан сырткары эт сүт өндүргөн 18 кыргыз ишканасы ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилди.
Биздин дыйкандар бул аракеттин жыйынтыгын 2020-жылдарга барып сезишет дешет адистер. ЕАЭБге кирүүнүн пайдасы мигранттарга азыртадан эле тийүүдө. Алар барган жеринде ошол өлкөнүн жарандары менен тең укукта иштеп, юридикалык жактан укуктары корголгон.
Бирок, көп маселелер дагы деле чечиле элек жана бул интеграция жүрүп жаткан учурдагы көрүнүш деп эсептешет эксперттер. Маселен кыргыз-казак чек арасында азыр ветеринардык көзөмөл бар. Бул маселе Евразия экономикалык комиссиясынын деңгээлинде бир канча ирет көтөрүлгөн.
Бизнес ассоциация төрагасы Руслан Акматбектин пикиринде, Кыргызстандын кызыкчылыгы ЕАЭБде дайым эле активдүү корголбой жатат.
Ал эми Евразия экономикалык коллегиясынын мурдагы мүчөсү Данил Ибраев бардык маселелер кеңешүүчү органдарда чечилиши керек деп эсептейт. Тактап айтканда өкмөттөр аралык кеңеште же бирликтин коллегиясында. Ал жерде бардык мүчө-өлкөлөргө пикир билдирүүгө бирдей мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Учурда биримдиктин алдында башка дагы көптөгөн тапшырмалар турат. 40тан ашык мамлекет ЕАЭБ менен соода-экономикалык жаатта мамиле түзүү ниетин билдиришкен. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода аймагы бар, мындан сырткары Израил, Корея, Иран жана Кытай менен өз ара кызматташуу багытында иштер жүрүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, жалпысынан Кыргызстан ЕАЭБге ыңгайлуу шарттардын негизинде кирген. Орусия тараптан 200 миллион долларга эсептелген каржылык колдоо көрсөтүлдү. Бул каражат бажы инфраструктурасын модернизациялоого жумшалат. 500 миллион доллар башталгыч капиталы менен Кыргыз орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. 4 көзөмөл бөлүк толугу менен жана жети ветеринардык көзөмөл бөлүк жарым жартылай жаңыланды.