Жаңылыктар
“Альфа Телеком” кайрадан сатыкка коюлат
Экономика
“Альфа Телеком” кайрадан сатыкка коюлат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Мегаком” бренди менен таанымал болгон “Альфа Телеком” ишканасын сатыкка коюу боюнча жаңы аукцион жарыялады.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди. Бул жолу уюлдук байланыш компаниясынын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланууда. Эске салсак, өткөн жылы жарыяланган эки жолку аукцион кардар табылбагандыгына байланыштуу өтпөй калган. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Мегаком" ишканасын сатуу боюнча үчүнчү аукционду жарыялады. Бардык маалымдоо каражаттарына жарыялар берилип, кардарлардан арыз кабыл алуу башталды. Буга чейинки эки жолу уюштурулган аукцион сатып алууга кызыкдар жактардын чыкпагандыгына байланыштуу өтпөй калган. Андан улам убакыт өткөн сайын компаниянын баасы төмөндөп жатат. 

Биринчи аукцион 2016-жылдын 16-июнуна белгиленген. “Альфа Телекомдун” 100% акциясы 19 миллиард 700 миллион сомго же 279 миллион долларга бааланган. Доллардын наркы анда 68 сом болчу. Экинчи аукцион 2016-жылдын декабрь айына белгиленип, мында баштапкы баасы 19 миллиарддан 14 миллиард 255 миллион сомго төмөндөтүлгөн. Доллардын курсун 69 сомдон эсептегенде бул 206 миллион долларга чамаламак. Үчүнчү аукциондо “Мегакомдун” наркы дээрлик миллиард сомго төмөн бааланууда. 13 миллиард 500 миллион сомго. Бул азыркы курс менен эмептегенде 195 миллион доллардын тегереги болот.
Болсунбек Казаков компанияны баалоо процесстерине көз карандысыз комиссия катышып жатканын билдирди. Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү, кызыкдар болгон мамлекеттик мекемелерден кызматкерлер киришкен. Уюлдук байланыш операторунун наркынын төмөндөөсү интернет каражаттарына суроо талаптын өсүшүнө да байланыштуу болууда.

Үчүнчү аукцион жарыяланары менен ага кызыккан тараптар пайда болгонун Казаков белгиледи. Айтымында, Европа, Корея, Түркиядан ири компаниялар суроолор менен кайрылышууда. Бирок арыз бергени азырынча жок. Мүлк фонду бул жолу "Мегакомду" өз убагында жана баштапкы баасынан кымбат сатабыз деген ишеничте.

Ишкананы менчиктешитрүү боюнча аукцион 2017-жылдын 5-июнунда өтөт, арыз ээлеринен документтер 2-июнга чейин кабыл алынмакчы. Катыша турган компания ишкананын жалпы баасынан 10 пайыз кепилдик төлөмүн төлөшү керек. Бул 1 миллиард, 5 миллион сомго барабар. Аукциондун жүрүшү Коомдук биринчи каналдан түз эфирде көрсөтүлөт.