Жаңылыктар
Ош шаарынын бюджети бекитилди
Экономика
Ош шаарынын бюджети бекитилди

Ош шаарынын  быйылкы бюджети 834 млн 914 миң сом болуп бекитилди. Бул сумма өткөн жылга  салыштырмалуу 200 млн сомго аз. Анткени жыл башынан бери сатуудан түшкөн  салыктардан ишкерлер бошотулган болчу. Эң көп каражат билим берүү тармагына бөлүнсө, эң азы Ош шаардык жолдор башкармалыгына берилет. 

Ал мамлекеттик казынадан  кошумча болуп берилүүчү 200 млн сомдой каражат шаардын жолдорун оңдоого  жумшалат. Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаардын быйылкы жылдагы бюджетин  кабыл алып атып, алдыдагы дагы 2 жылдык бюджетти болжолдуу кабыл алышты. 

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары