Жаңылыктар
Фейсбуктун пайдасынан зыяны көпбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Фейсбуктун пайдасынан зыяны көпбү?

Фейсбук  маалымат алуунун  жана таркатуунун эң ылдам жана оңой жолу. Социалдык башка түйүндөрдөн олуттуулугу менен айырмаланат. Ошондой эле андагы сунуштарга карата колдонуучулардын гана  эмес бийликтин да реакция берип жаткандыгын байкоого болот. Деген менен болоор- болбос маалыматтарды жайгаштыруу менен, башкалардын убактысын алуу, талкууларда  маданиятсыз сөздөрдү  колдонууу сыктуу көрүнуштөр,  баарлашуунун мыкты аянтчасы болгон фейсбуктун кадырын кетирип жатканы да анык дешет аны колдонуучулар.

Бирок адистер социалдык түйүндөр жаш муундарды жандуу сүйлөшүүлөрдөн  оолактатып, виртуалдык дүйнөгө жетелеп жатканын белгилеп келишет. Бүгүн интернет аркылуу табышып баш кошкон жарандардын катары көбөйүүдө.  Белгилей кетсек фейсбук , дүйнөдөгү эӊ ири социалдык тармактардын бири.  Тармак 2004-жылы 4-февралда Марк Цукерберг тарабынан ачылган.  2006-жылдын сентябрь айынан тарта 13 жаштан өйдө, электрондук почтасы бар интернет колдонуучуларына бул тармак менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 2014-жылы фейсбуктун колдонуучуларынын саны 1 миллиард, 200 миллион адамга жетсе, анын 170 миӊден ашууну кыргызстандыктар. Күн сайын 80 миӊдей мекендештерибиз бул тармакка баш багышат.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"