Жаңылыктар
Казакстан: Конституцияны өзгөртүү мыйзамы Конституциялык Кеңешке жиберилди
Саясат
Казакстан: Конституцияны өзгөртүү мыйзамы Конституциялык Кеңешке жиберилди

“Казакстан Республикасынын Конституциясына  толуктоолор  жана өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө”  мыйзамы  Конституциялык Кеңешке жиберилди. 

Акордонун басма сөз кызматы маалымдагандай, 6-мартта парламент өзгөртүү  жана толуктоолор киргизилген баш мыйзамды  кабыл алып, президенттин кол коюусуна   жөнөтүшкөн.  

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 25-январда  президенттин  айрым укуктарын парламент менен өкмөткө  өткөрүп берерин айтып,  казак калкына  кайрылуу жасаган болчу. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"