Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Байыркы Рим шаарында Аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, алардын көңүл борборуна айланып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо оолактаган.
Бул күнү кучагы гүлгө толгон апаларды, эже-сиңдилерди көрүүгө болот, ошондой эле мырзалар да дал ушул күнү аялзатына болгон сый-урматын көрсөтүп, кооз белектерин берип, жылуу сөздөрүн арнап калууга ашыгышат. Майрамдын жаралуу тарыхы 20-кылымга барып такалат. Аялдар күнүн аялзатынын укугун коргоо ниетинде сунушташкан. 1910-жылы аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн айым Клара Цеткин эл аралык жыйында 8-мартты аялдардын майрамы катары кабыл алуу сунушун киргизип, эң биринчи жолу 1911-жылы 19-мартта Австралия, Германия, Дания, Швецария өлкөлөрүндө белгилене баштаган.
Дал ушул мезгилден тарта аялдар эркектер менен тең тайлаша иштеп, мамлекеттик кызматтарда маанилүү чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Совет бийлигинин биринчи күндөрүнөн баштап 8-март майрамы мамлекеттик деңгээлдеги майрам катары кабыл алынып, 1965-жылы бул күн "иш күнү эмес" деп жарыяланган. 1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Азыркы тапта көпчүлүк өлкөлөрдө аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири катары майрамдалат.
Наргиза Бакытбек кызы, "Биринчи радио"