Жаңылыктар
Кылым карыткан кайратман эне
Кыргызстан жаңылыктары
Кылым карыткан кайратман эне

Сузак районунун Жоон-Күңгөй айылынын тургуну Алма Назарбекова быйыл 116 жашка чыкты. Кылым карыткан кайратман эне азыркы тапта да өзүнө тың. Алма эненин 18 небере жана 39 чебереси бар.
Алма эненин мындай кыймыл аракетине көпчүлүк таңданат. Карыя 116 жашка чыкса да ар дайым үй ишине кол кабыш кылып, кез-кезде мына минтип, эшик алдын шыпырып да коет.

Турмуштун далай запкысын көрсө да жайдары мүнөзүнөн жазбаган эне согуш жылдарында колхоздун малын багып, эркектеркылбаган жумуштарда иштегенин эскерди.
Кылым карыткан Алма эне 3 кыздын энеси. Учурда Жалал-Абад шаарындагы кичүү кызынын колунда. Кыздары болсо апасынын басып жүргөнүнө сүйүнүп, өмүрүн тилеп отурушат.

Өмүрүнүн 116-жазын тоскон Алма эне 18 неберенин, 39 чөбөрөнүн таенеси. Уул-кыздарына, көкүрөк таянычтарына ар дайым акыл наасат сөзүн айткандан жазбайт. Ал эми узун өмүрдүн сыры көп кыймыл жана таза азыктар менен туура тамактануу дейт. “Карылыктан коркпо, карылыкка жетпей калгандан корк” демекчи, Алма энеге мында келип, анын жашына жетейин деп бата алып тургандар да арбын.