Жаңылыктар
УКМК кызматкерлери героин менен кармалды
Кылмыш
УКМК кызматкерлери героин менен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку жана азыркы кызматкерлери 7,5 кг героин менен кармалды. Бул тууралуу Коопсуздук кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Алар маңзатты мыйзамсыз сатуу менен шугулданып жүрүшкөнү аныкталган. Ишти ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы иликтөөдө. Ал эми кармалгандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Азырынча кармалган кызматкерлердин аты-жөнү айтыла элек.