Жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү белгиленет
Ден соолук
Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү белгиленет

Жыл сайын март айынын экинчи бейшембисинде Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү белгиленет. Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнүн негиздөө демилгеси Эл аралык нефрологдордун коому жана Эл аралык бөйрөк фондуна таандык. 

Майрамдын негизги максаты - эл аралык жана мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон саясий түзүмдөрдүн көңүлүн бөйрөк оорулары менен ооруган адамдардын саны көбөйүп бараткандыгы тууралуу маселеге буруу.