Жаңылыктар
Кыргызстанда паракорчулуктун деңгээли жогору бойдон калууда
Коррупция
Кыргызстанда паракорчулуктун деңгээли жогору бойдон калууда

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды. 

Жолугушууда Чоткараев мамлекет башчысына мамлекеттик бийлик жана башкаруу тармагындагы коррупция менен күрөшүүдө аткарылып жаткан иштер жана мындан аркы көрүлө турган чаралар тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы коррупция менен күрөшүү иштерин дагы күчөтүү зарылдыгын белгилөө менен антикоррупциялык иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди ашкерелөө жана алдын алуу системасын бекемдөөгө багытталган таасирдүү чараларды кабыл алуунун маанисине токтолду.


Ошондой эле, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев басым жасандай, коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чараларын бекемдөө багытында долбоордун бет ачары бүгүн Бишкекте болуп өттү. 

Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен өлкөнүн укук коргоо органдары биргелешип иштеп чыккан документте-мамлекеттик мекемелердеги паракорчулукту алдын - алуу, анын деңгээлин аныктоо жана ага каршы аракет көрүүгө багытталган бир катар иш чаралардын планы камтылган. 

Адистер Кыргызстанда коррупцияга каршы көп жумуштар жасалганы менен, азыркы учурга чейин паракорчулуктун деңгээли жогору бойдон калып жатканын белгилешти. Жаңы долбоордогу механизмдер өз кезегинде коррупциянын деңгээлин аныктоо боюнча эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө альтернатива катары колдонулмакчы.