Жаңылыктар
Кадамжай районундагы спорттук мекемелердин абалы начар
Спорт
Кадамжай районундагы спорттук мекемелердин абалы начар

Баткен облусунун Кадамжай районунда спорттук мекемелердин абалы начар. Райондогу спорттук зал менен спорттук стадиондо жаштарды спортко кызыктыруучу шарт дээрлик жокко эсе.

Адистердин айтымында, жаштарды сергек жашоого тарбиялаган жайлардын мындай абалы– келечек муундардын спорт менен машыгуусуна, дени сак чоңоюшуна кедергисин тийгизбей койбойт. Өкмөттүн алдындагы спорт жана дене - тарбия мамлекеттик агенттигинин Кадамжай райондук бөлүмүнө караган спорт залын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө кеминде 5 миллион сом акча каражаты керектелет. 

Мындай каражатты агенттик таап бере албаса, бул мекемени Кадамжай шаарынын карамагына өткөрүп берүү керектигин Кадамжай райондук балдардын спорт мектебинин директору Тойчубай Абдиназаров билдирди.