Жаңылыктар
"Тараз -Талас-Суусамыр" жолу оңдолууда
Экономика
"Тараз -Талас-Суусамыр" жолу оңдолууда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барды. Премьер иш сапарынын алкагында «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолун реконструкциялоонун үчүнчү фазасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы мамлекет жол-транспорттук инфрастуруктурага өзгөчө маани берип жаткандыгын белгилеп, андагы бардык техникалык нормалардын сакталышына өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов реабилитиациялоонун үчүнчү фазасы жана Талас шаарынынын ичиндеги жол кошулуп, 2017-жылдын август айына чейин бүтөөрүн айтты. Премьер-министр иштин сапаттуу аткарылышына басым жасады. 

Аны менен бирге Өкмөт башчы «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун үчүнчү фазасын ишке ашырууда жол четине тротуарларды салуу жана Талас шаарынын ички жолдорун камтуу тапшырмасын берди.