Жаңылыктар
Көмүр казуу оңой иш эмес
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүр казуу оңой иш эмес

Cүлүктү шаарынын аймагындагы шахталардан 2017-жылдын эки айында 35 миң тонна көмүр казылган. Бул коюлган пландан 13 миң тоннага көп. 

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы алгачкы шахта 1868-жылы орус ишкерлери тарабынан ачылган. Ал эми алгачкы геологиялык изилдөө иштери башталган соң, 1912-жылы көмүр казуу жанданган. 

Учурда көмүр өндүрүү жакшы жолго коюлуп, кошуна өлкөлөргө да экспорттолууда. Сүлүктү шаарынын аймагындагы отуздан ашуун шахталардан жыл сайын 200 миң тоннага жакын көмүр казылат. Ал эми көмүр өндүрүүдө техникалык коопсуздукту дыкат сактоо зарыл. Кенчилердин айтымында, көмүр шахталарынын мыйзамын так аткарса ар кандай күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алууга болот.

“Бул жерде иштесең көзүң канат. Жерди карап күрөк менен иштесең кулагың асманды тыңшап туруш керек. Ошол жактан түшүп келаткан нерсени угуп качуу керек. Башкалага эскертүү керек. 24 саат ушундай иштейбиз”,- дейт кенчи Мырзали Ажиев.