Жаңылыктар
"Датка-Кемин" көмөк чордондору ийгиликтүү иштеп жатат
Экономика
"Датка-Кемин" көмөк чордондору ийгиликтүү иштеп жатат

Кылым долбоору аталган "Датка-Кемин" көмөк чордондору ийгиликтүү иштеп, кышкысын калкты энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. Долбоор өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында белгиленип, ал белгиленген мөөнөттө ишке кирген. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген энергетикалык долбоордун ишке кириши менен Кыргызстан электр энергиясынан көз карандысыздыкка жетишип, саясий да, экономикалык жактан да жеңишти камсыз кылды.

Датка-Кемин көмөк чордондору эксплуатациялоого берилип, быйыл экинчи кышты ийгиликтүү аяктады. Чыгымы 400 миллион долларга жакын долбоордо Жалал-Абаддагы Датка, Чүйдөгү Кемин подстанцияларынан тышкары, эки көмөк чордонду бириктирген электр зымдары, мамылар орнотулду. Ошондой эле Ала-Арчадагы эки подстанция реконструкцияланды. Эки жылдык практикада долбоордо кемчилик болгон жок. 

Жогорку чыңалуудагы электр энергиясын жеткирүүчү Датка-Кеминдин курулушу 2012-жылы башталып, 2015-жылы ишке берилди. Анын курулушуна кытайлык компания менен келишим түзүлгөн. Эки аймакты энергия менен бириктирүү оңойго турган жок. Бийик тоолор, ашууларга карабастан мамылар орнотулуп, зымдар тартылып, долбоор өз маалында ишке ашканы - тарыхый окуя. Жалпы узундугу 402 чакырымга созулган линия, ар бири 500 кВольттук көмөк чордондордун иштөөсү сууга бай, энергияны көп өндүргөн Кыргызстан учун саясий да, экономикалык да мааниси чоң. Ушул долбоордун аркасында КАСА-1000 долбоору ишке ашса, энергияны экспорттоого да кенен мүмкүнчүлүктөр ачылат.