Жаңылыктар
ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн серепчилери телекөпүрө аркылуу байланышышты
Экономика
ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн серепчилери телекөпүрө аркылуу байланышышты

Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин серепчилери телекөпүрө аркылуу байланышып, 6-7-мартта Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыктары жөнүндө сүйлөшүштү. Анда, биримдиктин ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктер белгиленип, мүчүлүштүктөр тууралуу да кеп козголду.

Бишкек, Москва, Минск, Ереван жана Астана телекөпүрө аркылуу маанилүү маселелерди сүйлөштү. 5 мамлекеттин өкүлдөрү бир пикирге келүү жолдорун талкуулашты. Мисалы, Кыргызстандык серепчи Кубат Рахимов Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ЕАЭБке кирген мамлекеттердин баарында тегиз иштесе деген оюн билдирди.
Ал эми Москвалык серепчилер өкмөттөр аралык кеңеш натыйжалуу өткөнүн белгилеп, акыркы корутундуну чыгарууга али эрте экендигин айтты. Эскерте кетсек, Бишкекте өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Кыргызстан төрагалык кылган. Жыйында, Кыргызстандын ЕАЭБ органдарынын чечимдерин кабыл алуудагы процедураларды жеңилдетүү сунушу колдоого алынган. Бул биздин өлкө үчүн абдан маанилүү.